Бостериде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун дагы 2 кызматкери кармалды. Бул маалыматты бүгүн, 23-августта Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБнин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.
Ага ылайык, аныкталган факты Ысык-Көл РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен шектелип 2 милиция кызматкери кармалышты.
"Аталган Кылмыш-жаза кодекси боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2 милиция кызматкери кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эртең, 24-августта алардын баш коргоо чарасы каралат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Бостериде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун үч кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Эске салсак, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан.
Ал эми милиция алгачкы кароодо каза тапкан жигиттин денесинен эч кандай ур-токмоктун белгилери байкалбаганын билдирген. Аталган окуя коомчулукта чуу жаратып, ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.