Бостеридеги жигиттин өлүмү: Үч милиция кызматкери кармалды

Бостериде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун үч кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бостеридеги 23 жаштагы жарандын каза болгон фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Ага ылайык, аталган факт Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

"Аталган кылмыш иши боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиция кызматкерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан.

Ал эми милиция алгачкы кароодо каза тапкан жигиттин денесинен эч кандай ур-токмоктун белгилери байкалбаганын билдирген. Аталган окуя коомчулукта чуу жаратып, ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан