ЕЭК комиссиясы Кыргыз-казак чек арасындагы тыгынга байланыштуу мониторинг жүргүзөт

Кыргыз–казак чек арасындагы “Ак-Тилек- автожол”, “Кең-Булуң-автожол” жана “Чалдовар-автожол” өткөрүү пунктарындагы жүк ташуучу унаалардын узун кезегине байланыштуу ЕЭК делегациясы чукул мониторинг уюштурат.

Делегация түздөн-түз чек арадагы кырдаалды изилдеп, Кыргызстандан келген жүк агымынын логистикасын жакшыртуу жана автотранспорт көйгөйлөрүн чечүү үчүн координацияланган өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө баа берет.

Энергетика жана коммерция министрлигинин 23-августтагы маалыматына караганда, учурда казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалууда. Өткөрүү бекетиндеги мындай көйгөй 20-августтан бери болуп жатат.

Эске салсак, 21-августта "Ак-Тилек" постунун алдында 370 унаадан турган тыгын пайда болгону кабарланып, 10 сааттын ичинде үч гана жүк ташуучу унаа өткөнү маалымдалган.

22-августта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байкалганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлаган. Анда УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөөлөр киргизилбегени айтылган.

Көп өтпөй коңшу өлкөнүн финансы министри Ерулан Жамаубаев бул боюнча билдирүү жасап, баңгизат кармоо операциясы болгонун жана коммерциялык жүк ташууга байланыштуу эч кандай чектөөлөр болбогонун маалымдаган.

Кечээ, 23-августта УКМКнын Чек ара кызматы саат 13:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыккан 493 унаа, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 унаа кезекте турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан