Садыр Жапаров казак акынынын сынына жооп берди

Президент Садыр Жапаров көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунда казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылып, кийин белекти сындаган Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары Аманжол Алтаевге жооп берди. Бул тууралуу Жапаров "КАБАР" маалымат агенттигине маек курган.

"Мен да соцтүйүндөрдөн бир боорубуз Аманжол Алтаевдин кайрылуусун окуп калдым. Албетте ыңгайсыз кайрылуу болду. Биринчиден, "Элчи менен ырчыга өлүм жок" дейт. Элчилер элчилигин кылат.

Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок. Экинчиден, төкмө акын Биржан Калдыбаев кыргызга жээн болот экен. Мен казакка жээнмин. Кайчылаш таеке-жээн экенбиз.

Үчүнчүдөн, кыргыз-казак сөз баккан элбиз. Эгер мен ошол учурда аргымак мингизбей койсом качандыр бир убакта мени "Тайкем мени жөө узатты, таекемдин бир аргымакчалык алы жокпу" деп сөзгө жыгып ырдап чыкмак. Эгер мен ал жерге катышпасам, ал акындын ырдаганын укпасам башка кеп эле.

Ошондуктан Аманжол мырзага айтаарым эч качан ыңгайсыз абалда калган жоксуз. Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым",- деди Жапаров.

Маекте президент Биржан Калдыбаевди мурда тааныбаганын жана анын кандай акын экенин билбей турганын айткан. Колдоп турса жаш акындан таанымал акын чыга турганын белгилеген. Ошондой эле Жапаров казак менен кыргызды бири-биринен башка эч ким колдобой турганын айтып, эки элдин ортосуна чок салып жиберүүгө даяр үчүнчү күчтөр бар экенин кошумчалаган.

"Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы. Ансыз деле аттын кашкасындай аз калкпыз",- деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчысы.

Эске салсак, 13-августта Чолпон-Атада өткөн клубдар арасындагы көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылышында Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак бергенин алып баруучу Асылбек Өзүбеков айткан. 21-августта Бишкекте президент убадалаган аргымак казак акынына тапшырылган.

Ал эми кечээ казакстандык төкмө акын Аманжол Алтаев президенттин Биржан Калдыбаевге аргымак мингизишин кескин сынга алып, кыргыз элинен Казакстандын маданиятын түшүрбөөнү суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан