"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин өлүмү тастыкталды

"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин учагынын кыйрашынан каза болгондордун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Евгений Пригожиндин учагынын кыйрашынан каза болгон 10 адамдын бардыгынын өздүгү молекулярдык-генетикалык экспертизанын жардамы менен аныкталды. Алар федералдык аба транспорту агенттиги берген тизмеге туура келет.

Белгилей кетсек, буга чейин жансыз денелер катуу күйгөндүктөн аларга генетикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан