Бүгүн, 28-августта Бишкекке "Барселона" клубунун легендарлуу футболчусу Карлес Пуйоль келди.
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан кыргызстандык күйөрмандар тосуп алышты.
Белгилей кетсек, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Барселона легендалары" командасы менен "Азиянын легендалары" командасы кез келет.