Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын дагы үчөө үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын ичинен Эрлан Бекчоро, Али Шабдан жана Акыл Айтбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын кезектеги соттук отуруму бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык сотунда болуп өттү. Анда соттун чечими менен активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан жана Акыл Айтбаевдин бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Ал эми абакта калган 6 кишинин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жер тилкеси Өзбекстанга өткөнүнө каршы пикирин билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчылар жана активисттер былтыр октябрда кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Алардын айрымдары кийин соттун чечими менен үй камагына чыгышкан. Буга чейин 23-августта абакта жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Жеңишбек Молдокматов, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев, активисттер Марат Баязов менен Айданбек Акмаматов соттук иштерге нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан