Орусиянын Электросталь шаарында жумушчулардын ортосунда массалык мушташ катталып, анда бир кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 27-августта Wildberries кампасынын 40ка жакын жумушчусунун ортосунда чыр чыгып, эки адам жаракат алган.
"Эки жумушчу аймактык ооруканага жаткырылган. Орусиянын жараны көкүрөгүнө, ал эми 22 жаштагы кыргызстандык колуна бычак жеген.
Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ушул тапта окуянын калган катышуучуларын аныктоо үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат анда.
Азырынча бул тууралуу ТИМ, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги маалымат тарата элек.