Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Испаниянын Королдук футбол федерациясынын (RFEF) жетекчиси Луис Рубиалестин тегерегиндеги жаңжал боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
"Бул эч качан болбошу керек болчу. Бирок мындай окуя болду жана ФИФАнын дисциплинардык органдары жоопкерчиликтерин сезишип, керектүү чараларды көрүүдө", - деп жазган Инфантино.
Эске салсак, Испаниянын Королдук футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес футболчу Женнифер Эрмосону аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде өөп койгон видеосу интернетте тараган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, окуядан бир жума өткөндөн кийин Луис Рубиалес кызматынан четтетилген. Улуттук кураманын машыктыруучулары да федерация президентинин бул аракетине нааразычылык иретинде кызматтан кетишкен.
Көп өтпөй Луис Рубиалестин апасы Анхелес Бексар уулунун кызматтан четтетилишине байланыштуу Испаниянын түштүгүндөгү Мотрил шаарындагы чиркөөдө ачкачылык жарыялаган.
Кийинчерээк, Рубиалес Эрмосо эринден өбүүгө өзү макул болгонун билдирген. Бирок футболчу кыз мындай маалыматтын жалган экенин айтып, федерация жаңжалды жабуу үчүн ага кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айткан.
Ал эми 28-августта Испаниянын прокуратурасы аялдар командасынын капитанын Луис Рубиалес мажбурлап өпкөнүн жүйө кылып, ага карата "сексуалдык зомбулук" боюнча алдын ала тергөө ишин баштаганы белгилүү болгон.
Бул боюнча 29-августта Бишкекте кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыстык кылган кыргызстандык Рамина Цой маалымат жыйын өткөргөн.