Жогорку Кеңеште Бакировдун ордуна келген депутат ант берди

Бүгүн, 6-сентбярда Жогорку Кеңештин жыйынында Равшанбек Рысбаев ант берди. Ал Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округунан шайланып келген Өмүрбек Бакировдун ордуна келди. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо элдин добушу боюнча 2-орунду алган.

Буга чейин БШК аталган округ боюнча кайра шайлоо болбой турганын билдирген.

Ал эми 26-августта Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган.

Равшанбек Рысбаев буга чейин 2012-жылы Ош шаардык кеңешинин вице-спикери болуп шайланган. 2014-2021-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын да аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан