Марлен Маматалиев менен Медер Алиев Кокуловго болушту

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун катышуусундагы билим берүү министринин иш бөлмөсүндөгү окуя боюнча эл өкүлдөрү пикирин билдиришти.

Депутаттын бул кадамын Мирлан Самыйкожо сындап, блогер же депутат болууга чакырса, Мирлан Маматалиев менен Медер Алиев аны колдоп чыгышты.

Маматалиев өз сөзүндө жаңы окуу жылы башталгандан бери окуучулардын ата-энелери Кокуловго кайрылып келген. Элдин суроолорун жооп алуу үчүн ишеним номеринен жооп болбогону үчүн министрдин кабылдамасына барганын айтты.

"Ал депутаттык этиканы бузган жок. 1-сентябрдан баштап эле, ага акча чогултуулар, китеп маселеси боюнча кайрылып башташкан. Министрликке байланыша албай, өзүм барайынчы деп барган. Этиканы сактап, кабылдамада отурган, күткөн. Аны сырттан бир жаш бала келгенсип, отургузуп коюшту. Анан камерасын жандырып, ошол жакка кирди. Бирок кескиленген видеону жарыялап коюшту, бүгүн толук видеосун өзү чыгарат. Ошондо баарын көрөсүздөр" - деди Маматалиев.

Мындай тариздеги пикирин Медер Алиев да айтып, учурдун депутаты мобилдүү жана ыкчам болушу керектигин кошумчалады.

"Эмне үчүн Эрулан Кокулов барып талап кылбашы керек? Кээ бирлер министрлер парламенттин комитеттеринин жыйындарына такыр келбей коёт. Балким, Кокулов этиканы сактабагандыр, бирок өзөгү, түпкүрү туура болуп жатпайбы", - деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Эрулан Кокулов билим берүү министри Каныбек Иманалиев кабыл албай койгонун билдирип чыккан. Анда эл өкүлү министрдин кабылдамасына билим жаатындагы бардык маселелер боюнча бирдиктүү ишеним телефон номерине байланыштуу суроолоруна жооп алуу үчүн барганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан