Бүгүн, 7-сентябрда Япония өзүнүн биринчи Айга конуучу аппараты менен ракета учурду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн (JAXA) аэрокосмостук чалгындоо агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, Япониянын биринчи SLIM Айга конуучу аппаратын ташыган H2A ракетасы өлкөнүн түштүгүндөгү Танегасима космостук борборунан көтөрүлгөн. Ал эми SLIM модулу Айга 3-4 айдан кийин конот.
SLIM (Smart Lander for Investigating Moon) – бул эсептелген чекиттен 100 метр аралыкта Айдын бетине унаалардын жогорку тактыкта конуу технологиясын сыноо үчүн арналган модул. Ал Айдын рельефтерин жана кратерлерин изилдөөгө тийиш. Модулдун бийиктиги 2,4 метр, туурасы 2,7 метр, салмагы болжол менен 200 килограмм. Аппарат Айдын бетинде жайгашкан тектердеги темирдин жана башка элементтердин көлөмүн өлчөөгө мүмкүндүк берүүчү камера менен жабдылган.
Белгилей кетсек, эгер конуу модулунун миссиясы ийгиликтүү ишке ашса, Япония өз аппаратын Айга кондурган СССР, АКШ, Кытай жана Индиядан кийинки бешинчи өлкө болуп калат.
Буга чейин Индиянын "Чандраян-3" автоматтык Ай станциясы Айдын бетине ийгиликтүү конгон. Муну менен Индия станциясы Айга конгон төртүнчү өлкө, ал эми Айдын түштүк уюлуна конгон дүйнөдөгү жалгыз мамлекет боло алган. Көп өтпөй "Чандраян-3" космостук аппараты Айдан алгачкы илимий маалыматтарды тараткан.