Мектептерде окуу китептерин табуу - Нарын дарыясынан крокодил табууга тете болууда. Мындай пикирин депутат Эрулан Кокулов бүгүн, 7-сентябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Эл өкүлү бүгүн мектептердеги китеп маселесин көтөрөйүн дегенин, бирок анын алдында бир нече кесиптеши бул маселени айткандыктан, кайрадан токтолбой эле коюуну туура көргөнүн белгиледи.
"Бүгүнкү абалды бир сөз менен эле айтып коёюн. "Найти сегодня книгу в школах - это почти что найти крокодила в реке Нарын" болуп жатат", - деди Кокулов.
Анын алдында эле Мирлан Самыйкожо мектептерге китеп алууга депутаттардын айлыгынан акча бөлүп берүүнү сунуштаган. Ал эми Камила Талиева өкмөттөн тез арада китептин жетишсиздиги боюнча маселеге көңүл буруп, китеп мафиясын жоюусун талап кылган.
Эскерте кетсек, буга чейин Эрулан Кокулов билим берүү министри Каныбек Иманалиев кабыл албай койгонун билдирип чыккан. Анда эл өкүлү министрдин кабылдамасына билим жаатындагы бардык маселелер боюнча бирдиктүү ишеним телефон номерине байланыштуу суроолоруна жооп алуу үчүн барганын айткан.