Биз социалдык тармакта

Кытайда катталган тайфундан улам 300 миң адам эвакуацияланды (видео)

Кытайдын Фуцзянь провинциясында "Хайкуй" тайфунунан улам 300 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 6-сентябрга чейин облустун 65 жеринде жаан-чачындын көлөмү 250 миллиметрден ашкан. Ал эми куткаруу иштерине 60 миңден ашык жаран тартылган. Басылмалардын маалыматына караганда, куткаруу иштеринин жүрүшүндө 2 жаран каза тапкан.

Сел жана кургакчылыкка каршы штабдын маалыматы боюнча, суу ташкындары провинциядагы 1,6 миллионго жакын адамдын жашоосуна таасирин тийгизген. Учурда табигый кырсыктан улам келтирилген чыгымдын эсеби 5 миллиард юань (700 миллион доллар) экени айтылууда.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан