Бүгүн, 8-сентябрда Гонконгдо акыркы 140 жылдан бери биринчи ирет катуу нөшөрлөгөн жаан катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Гонконгдо 1884-жылдан бери биринчи ирет катуу нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Шаардын көчөлөрүн суу каптап, коомдук транспорттор, Гонконгдун фондулук биржасы жана бир нече компаниялары ишин токтотту.
Гонконг метеорологиялык обсерваториясы абалга байланыштуу тургундарга коопсуз жерлерде болууну сунуштады.
Жаан-чачындын рекорддук деңгээли Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында да байкалды. Шэньчжэнь шаарында жаан-чачындын интенсивдүүлүгү метеорологиялык байкоолордун бүткүл мезгилиндеги тарыхый максимумдан ашып, метро жарым-жартылай суу астында калды. Метеорологиялык обсерваториясынын маалыматы боюнча, мегаполис быйылкы жылдын эң катуу бороонуна дуушар болууда.
Эске салсак, акыркы үч күн ичинде дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. 5-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен 2 жаран каза болуп, 12 адам жабыркаган. 6-сентябрда болсо Кытайдын Фуцзянь провинциясында "Хайкуй" тайфуну катталып, 300 миңден ашык адам эвакуацияланган.