Ленин округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы: Алдыңкы үчтүктө кимдер?

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) эсеби боюнча Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп табылды.

Учурда автоматтык эсептөөчү урналар добуштарды 100 пайыз санап бүттү.

Ага ылайык, Самаков жалпы шайлоочулардын 26,14 пайыз же 5 273 адамдын добушун алды.

Ал эми экинчи сапты Русланбек Тагаев 18,99 пайыз же 3 831 добуш менен ээлесе. Үчүнчү орунду Алмаз уулу Аскар 13,04 пайыз же 2 630 добуш менен алды.

Белгилей кетсек, шайлоого келген адамдардын саны 20 миң 169ду, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 15,85 пайызды гана түздү. Аталган округда жалпысынан 127 миң 239 шайлоочу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан