Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышта Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу алынып, уруксат берилгенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда басма сөз жыйынында айтты.
Анын айтымында, Кара-Кече көмүрүнө тыюу салынат дегендин себеби Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн сүйлөшүүлөр болгон. Аталган көмүрдү колдонууга тыюу салынбайт.
"Бишкек шаарында көмүрдү керектөө 1 миллион 200 миң тонна колдонсо, анын бардыгын Казакстандан алып келе албайбыз. Казакстандын көмүрү мунун 30-35 пайызын гана камсыз кыла алат. Ал эми калган 70 пайыз көмүрдү илгертен эле “Кыргыз көмүр” ишканасы жеткирип келген. Мурункудай эле иштейбиз. Бул ыштын маселесин чечүү үчүн адистер өздөрүнүн ар кандай сунуштарын айтышкан. Бирок биз “андайга мүмкүнчүлүк болбойт” деп айтканбыз. Азыр Балыкчыдагы кампада 468 миң тонна көмүр даярдалып турат. Ошол көмүрдүн баары Бишкек шаарына, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарына ташып келинет”, - деди министр.
Эске салсак, буга чейин энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын жар салган. Ал мындай чара Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн Кара-Кечеден көмүр алуу токтотулуп, сапаттуу, түтүнү аз чыккан көмүр менен камсыз кылууга аракет кылып жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ал Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатканын, анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүндүгүн тактаган.