Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевди, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдугун берди.
Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин министр кезинде баштаган реформаларды улантып, аягына чыгарарын айтты.
Буга чейин парламенттин Социалдык саясат комитети дагы Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлигин жактырган.
Эске салсак, 7-сентябрда Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу ошол учурдагы саламаттыкты сактоо министри болуп турган Баатырова анын ордуна дайындалган. Ал эми Гүлнара Баатырова башка кызматка дайындалгандыктан анын ордуна министрдин милдетин убактылуу Алымкадыр Бейшеналиев аткармай болгон.
Алымкадыр Бейшеналиев аталган кызматка экинчи ирет дайындалууда. Ал 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин саламаттыкты сактоо министри болгон, 2022-жылдын август айында кызматынан бошотулуп, "Алтын-Балалыкты" жетектеген.