Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңеште депутаттардан кечирим сурады.

"Урматтуу депутаттар, мен дарегиме айтылган сынды кабыл алам. Бул боюнча мен кесе айта алам, парламенттин эл шайлаган депутаттарынын укуктарына, макамына, жалпы эле мамлекетибиздеги демократияга укугум дагы, ниетим дагы жок болгон.

Ошондуктан кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөр болгон үчүн бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сураймын. Буга чейин дагы массалык маалымат каражаттары аркылуу кечирим сураганмын", - деди Байсалов.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев бул акыркы эскертүү экенин, депутаттарды кечиримдүү болууга чакырды.

Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан