"Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч". Шакиев депутаттарды кечиримдүү болууга чакырды

Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кечиримдүү болууга чакырды.

Шакиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматынан кетирүү маселеси боюнча президент, өкмөт башчы, вице-спикерлер жана фракция лидерлери болуп сүйлөшкөнүн, анда мамлекет башчысы Байсаловдун парламенттен кечирим сурай турганын айтканын билдирди.

"Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч" дейт. Баарыбыз кечиримдүү, сабырдуу бололу. Эдил Байсаловго акыркы эскертүү. Эгерде дагы парламенттин аброюна шек келтире турган болсо, анда биз кескин чара көрөбүз", - деди төрага.

Байсалов анын алдында депутаттардан расмий түрдө кечирим сураган.

Буга чейин эл өкүлдөрү бир катар жолу Байсаловду кескин сындап, аны кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Жогорку Кеңеш 13.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан