Ким Чен Ын менен Владимир Путин Амур облусундагы "Восточный" космодромунан жолугушту 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бүгүн, 13-сентябрда Амур облусундагы Восточный космодромунда жолугушту.

Түндүк Кореянын лидери поезд менен космодромдун темир жол станциясына келди. Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуу аземи жаңы "Ангара" ракетасы чогултулуп жаткан ракетаны орнотуу жана сыноо имаратында өтүүдө.

Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери кыскача маектешти.

Эки өлкө лидерлери космодромдогу бир катар объектилер менен таанышат.

Ким Чен Ын "Восточный" космодрому көрсөтүлгөн биринчи чет элдик лидер эмес. Буга чейин бул жерге Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Мьянманын лидери Мин Аун Хлайн келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан