"Тарыхта өкмөттүн мүчөсү парламентти мынчалык жектеп, мазактаган эмес" деди эл өкүлү Надира Нарматова парламенттин бүгүнкү, 13-сентябрдагы жыйынында.
"Тилекке каршы, бул бир жолу эмес, бир канча жолу болду. Парламент өзүнүн чечимин чыгарып, сунушун жогорку жакка жиберген. Тилекке каршы, сиз азыр өзүңүздүн айткан сөзүңүзгө каршы чыгып жатасыз. Эдил Жолдубаевичтин адамдык сапаты өзүнүн уятында. Ушул парламент элдин атынан сүйлөгөнү акысы жок деп бир канча жолу айтты. Президентин, элдин атынан бир гана ушул киши сүйлөй алат экен. Ушул кишинин гана акысы бар экен. Бул киши Кыргызстан боюнча алмашкыс кадрбы? Саясатта бир жаралган алмашкыс адамбы? Анын ордуна бир аял киши болсо, сонун кылып иштейт. Өлкөдө социалдык тармак бир отоло өлүп бүттү. Караган адам жок. Кечирип кой десе эле, кечирилип калат бекен? "Айтылган сөз атылган ок" дейт. Элдин атынан президент менен парламенттин мүчөлөрү гана сүйлөйт. Эдил Жолдубаевич оң кулак, сол кулак менен да угуп алсын", - деди эл өкүлү.
Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында вице-премьер-министр Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сураган.
Андан соң парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарды кечиримдүү болууга чакырган.
Ага чейин анын отставкасы парламентте бир нече ирет каралып, аны кызматтан алуу боюнча сунуш президентке жиберилген.
Байсалов 20-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар менен айтыша кеткен. Ал "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган.