Бакировдун мандат чуусу: Депутаттар БШКнын чечими мыйзамсыз экенин айтып чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу чечими мыйзамсыз. Мындай пикирди бүгүн, 13-сентябрдагы парламент жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын пикиринде, БШК өз алдынча токтом токуп, башка талапкерге депутаттык мандат берип койду.

"Аны (ред: Равшанбек Рысбаевди) жеңүүчү деп эл да тапкан жок, соттун да чечими жок. Сот ошол округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деп чечим чыгарган. БШКнын өкүлдөрү эртең келип, шайлоонун жыйынтыгын кантип жокко чыгарып, кандайча мандат бергендиги боюнча маалымат беришсин. Пикир келишпестик болуп жатат. Депутаттык комиссия түзүп, карап чыгалы", - деди Түмөнбаев.

Анын пикирин депутат Дастанбек Жумабеков да кубаттап, БШКнын Бакировду арадан эки жыл өткөндөн кийин мандатынан ажыратуу чечимин чыгарганына таң калып жатканын айтты. Ошондой эле ал ошол кезде мандат мыйзамсыз берилген болсо, 2 жылдан берки чыгымдарды БШК төлөп бериши керектигин кошумчалады.

Эске салсак, БШК 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

18-августта Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришкен. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Көк-Жар округунан 2-орунду алган.

Ошол эле учурда өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Абировдун ордуна Бишкектеги Ленин бир мандаттуу округунда 10-сентябрда экинчи ирет кайрадан шайлоо өттү.
SUPER.KG порталы аталган эки округдагы эки башка жагдайга эл өкүлдөрүнүн пикири кандай, дегеле мыйзамда кандай каралган сурап көргөн.
Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.
Жогорку Кеңеш 13.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан