Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Бүгүн парламент анын талапкерлигин колдоп берген.

Ал 2022-жылдын сентябрь айынан бери саламаттыкты сактоо министри болуп эмгектенип келген. Ал эми аталган кызматка президенттин дагы бир жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан