Парламент бүгүн Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү маселесин карайт

Бүгүн, 14-сентябрда парламент "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү маселесин карайт.

Маалымдалгандай, аталган маселе күн тартибине үчүнчү болуп киргизилди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова парламентте комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Мадумаров 2-сентябрда кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия эл өкүлүнө коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан