Парламентте мандатынан ажыраган депутаттар тууралуу БШКнын маалыматын угуу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-сентбярдагы кезектеги жыйынында депутаттык мандатынан ажыраган эл өкүлдөрү тууралуу БШКнын маалыматын угуу демилгеси көтөрүлдү. Мындай сунушту Талант Мамытов айтып чыкты.

"Маалымат алып койсок эч качан ашыкча болбойт. Депутат жөнүндө, депутаттын статусу жана мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө сөз болуп жатат. Ушул жерге БШКны чакырып, жүйөсүн, себептерин угуп, пикир алмашсак жакшы болот эле", - деди депутат.

Өз кезегинде депутат Чыңгыз Айдарбеков мандатынан ажыраган “Альянс” фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжанов тууралуу дагы маалымат алуу зарылдыгын белгиледи.

"Боршайком эмне себептен ушундай чечим алганы жөнүндө маалымат берип койсун. Анткени кечээ күнү фракциябыз билдирүү жасап, бул кадам мыйзамсыз деген корутунду чыгарганбыз", - деди Айдарбеков.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бакировду Боршайком август айынын аягында мандатынан ажыратса, Фарходбек Алимжановду диплом чырына байланыштуу 6-июлда ажыраткан.

Парламентте мандатынан ажыраган депутаттар тууралуу БШКнын маалыматын угуу демилгеси көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан