Түркияда кырсык: Кыргызстандык учкучтардын биринин сөөгү табылды

Түркияда учак кырсыгына кабылган кыргызстандык учкучтардын биринин сөөгү табылды. Ал О.О. аттуу жаран экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.

Маалымдалгандай, учурда калган эки адамды издөө иштери уланып жатат.

Тик учакты Кыргыз жарандары биринчи учкуч – О.О., И.Э., жана бортмеханик - Я.Л. башкарган. Учакта мекендештерибизден башка бир түрк жараны болгон. Кыргыз Республикасынын жараны И.Э. чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган.

Аман калган учкуч ооруканада жатат, анын абалы туруктуу экени кабарланды.

Эскерте кетсек, кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө орун алган. Анда кырсык Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгонун, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөнү айтылган.

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүрүшкөнү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан