Орусия Тажикстан менен Кыргызстандын бийлигин чек ара маселесин чечүүгө терс таасирин тийгизе турган шашылыш аракеттерге барбоого чакырат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Министрлик Москва кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат байкоо салып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Орусия эки өлкөнү тең кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жакында жетишилген оң натыйжаларга зыян келтире турган катаал билдирүүлөрдөн жана кадамдардан алыс болууга чакырды.
"Биз досторубузду жана союздаштарыбызды кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жакында жетишилген оң натыйжаларды жокко чыгара турган катаал билдирүүлөрдөн жана шашылыш кадамдардан алыс болууга чакырабыз", - деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.
Белгилей кетсек, 15-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга чек ара боюнча территориялык доомат коюп келгендигин, эгер тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доо коёрун айткан.
Ташиевдин бул билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.