Шаардык сот Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Исмаиловдун апелляциялык арызы кечээ каралып, сот арызды канааттандыруудан баш тарткан.

Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык сотунда 28-сентябрда каралат.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган.

Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан