Тоолуу Карабах боюнча сүйлөшүүлөр аяктады. Жыйынтыгы

Бүгүн, 21-сентябрда Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, жолугушууда реинтеграция маселелери талкууланган. Азербайжан тарап бул сүйлөшүүлөр тынчтык келишимине жол ачып, чыр-чатактарды токтотушу мүмкүн экенин билдирди. Ал эми Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдады.

Алиевдин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, Карабахтагы армяндардын келечектеги тагдыры Азербайжандын ички маселеси экенин айтты. Ошондой эле ал эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын кошумчалады.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Эртеси күнү эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирген.

Кечээ, 20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.

Көп өтпөй эки өлкөнүн тең расмий өкүлдөрүнөн окуяга байланыштуу билдирүү келген. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения Азербайжан менен Тоолуу Карабактын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышпаганын айтып, видео кайрылуу жасаган.

Андан соң Азербайжандын президенти Алиев кайрылуу жасап, Карабахтагы антитеррордук иш-чаралардын башталышынын жана ийгиликтүү аякташынын натыйжасында Азербайжан өз суверенитетин калыбына келтиргенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан