Карабахтагы жаңжал: Пашинян армян элине кайрылуу жасады

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения Азербайжан менен Тоолуу Карабактын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышпаганын билдирди.

Пашинян элге видео кайрылуу жасап, Армения Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотуу жана армияны жоюу боюнча билдирүүсүнүн текстин түзүүгө катышпаганын айтты.

Ал белгилегендей, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Тоолуу Карабахтан чыгарылуусу тууралуу билдирүүлөр Ереван үчүн түшүнүксүз, анткени Карабахта 2021-жылдын августунан бери армян аскер бөлүгү жок.

"Бирок кандай болгон күндө да биз бул билдирүүнү жана аны Тоолуу Карабах бийлигинин чечимин кабыл алабыз", - деп кошумчалады Пашинян.

Анын айтымында, Армения ок атышпоо келишиминен кийин Орусиянын бейпилдик күчтөрү Карабахтын калкын коргойт деп үмүттөнөт.

"Эгерде тынчтык орнотуучу күчтөр мындай сунуш киргизсе, бул алар Тоолуу Карабахтагы армениялыктардын жоопкерчилигин толугу менен жана эч кандай эскертүүсүз мойнуна алды дегенди билдирет, башкача айтканда, алар Тоолуу Карабахтагы армениялыктардын укуктары үчүн толук шарттарды камсыз кылышы керек", - деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, Карабахта согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгү азайды.

"Мен Тоолуу Карабахтан алган акыркы маалыматым боюнча, согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгү кескин азайды, бирок толугу менен токтой элек. Аскердик эскалация уланбайт деп үмүттөнөбүз", - деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Кечээ кечкисин Баку “60тан ашык согуштук позициялар” көзөмөлгө алынганын билдирди.

Эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирген.

Кечээ, 20-сентябрда Тоолуу Карабах бийлиги куралдуу күчтөрүн таркатууга макул болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан