Арменияда митинг уланууда. Полиция кызматкерлери 84 адамды кармады (видео)

Бүгүн, 22-сентябрда Армениянын борбору Еревандагы өкмөттүн имаратынын жанында нааразылык акциясы уланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, полиция митингге чыккандарды камакка алууда.

Кечээ нааразычылык акциясына чыккандар менен полиция кагылышкан. Анда митингге чыккандардан 46 адамдын камакка алынганы кабарланган. Ал эми армян бийлигинин расмий билдирүүсүнө караганда, бүгүн 84 адам кармалды. Митингчилер премьер-министр Никол Пашинянды Тоолуу Карабахты Азербайжанга өткөрүп берди деп айыпташып, анын отставкасын талап кылышууда.

Учурда нааразы болгондор Министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жаткан Армениянын өкмөттүк имаратынын эшиктерин жабууга аракет кылууда.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Эртеси күнү эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирген.

20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.

Кечээ, 21-сентябрда болсо Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдады.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан