"Спорттогу байгелер, нандын кымбатташы жана Карабахтагы абал". Аптанын урунттуу учурлары

Бул жумада бир нече маанилүү окуялар болуп өттү. Ун менен нан кымбаттап, коомду дүрбөлөңгө салса, спортчулар Дүйнө чемпиондугунда байгелерге ээ болуп сүйүнттү. Ошондой эле президент Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен барса, Дүйнө эли Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулады. Төмөндө апта ичиндеги маанилүү окуяларды тизмектейбиз.

Саясатта

18-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу үчүн АКШга барды. Ал 19-сентябрда сессияда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөр, климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугу жана чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерин козгоду. Ошол эле күнү С5+1 деп аталган АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу боюнча саммитке да катышты. Мындан сырткары бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да депутаттардан турган делегация менен Сеул шаарында Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр сентябрда Тажикстандын кол салуусунан жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго батирдин ачкычын тапшырды.

Кыргызстанда 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды.

Коом жана турмуш

Өлкөдө ушул аптанын башынан бери ун кымбаттап, анын натыйжасында нандын баасы да көтөрүлүп кетти. Соодагерлер Казакстандан ташылып келинген ундун кабы миң сомго кымбаттаганын айтышты. Ал эми өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди. Бул өз кезегинде парламентте кызуу талкууланды. Ошондой эле өкмөт айрым айыл чарба товарларын, анын ичинен буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштады.

Мектептерде окуучулардан мыйзамсыз акча чогулткандарга айып пул салууну сунушталса, 2024-жылдын жазынан тарта чет элдик тасмаларды кыргыз субтитрлери менен көрсөтүлө баштай турганы кабарланды.

Мындан сырткары, Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга тез жардам берүү максатында "Кадес" мобилдик тиркемеси иштелип жатканы айтылды.

Спортто

Аптанын башында кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байге утту. Эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугуна катышкан Жумашбеков Кыргыз курамасына алгачкы медалды алып келди.

Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассонун беттеши орун алды. Беш раундга созулган беттеш спортчулардын тең чыгуусу менен аяктады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Грассодо калды. Көп өтпөй кыргызстандык мушкер айым Алекса Грассо менен үчүнчү ирет Кыргызстанда беттешкиси келерин билдирди.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын эң жаш оюнчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубу менен расмий түрдө профессионалдык келишимге кол койду.

Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында жаракат алгандыгына байланыштуу турнирден четтеди. 1/4 финалда Мээрим Жуманазарова япониялык Ами Ишии менен беттешмек. Бирок алган жаракатына байланыштуу беттешке чыга алган жок.

Ал эми Айпери Медет кызы Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болуп, биринчилерден болуп кийинки жылы Парижде өтүүчү Олимпиадага лицензия алды. Финалда Айпери Медет кызы бутун кайрып алды.

Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова аталган Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту. Финалда Тыныбекова япониялык балбан менен кез келип, кыл чайнашкан беттештин аркасында атаандашын 4:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болду.

Балбан кыздардан сырткары, 2024-жылы Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов да лицензия алып кубантты.

Кылмыш-кырсык

Ушул жумада Сокулук райондук сотунун чечими менен блогер Эртай Исаков үй камагына чыкты.

Ошондой эле 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында кырсыкка кабылган тик учактын бортундагы экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылып, Кыргызстанга алынып келинди.

Аптада үрөй учурган кылмыш катталды. Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү аялдын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйноого алганы белгилүү болду. Көп өтпөй шектүү кармалып, жабырлануучуга 8 саатка созулган операция жасалды.
Дүйнөдө

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Орусиядагы алты күндүк сапары жыйынтыкталды. Ал брондолгон поезди менен өз өлкөсүнө кетти. Маалым болгондой, ал Приморск аймагындагы Артем-Приморский-1 станциясынан узатылып, брондолгон поезди менен Орусиянын түштүгүндөгү чек араны көздөй багыт алган. Анын Орусияга болгон сапары 12-сентябрда башталган.

Италия Сардиния аралында айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн кыргызстандык чабандарды чакырды. Италиялык Coldiretti айыл чарбалык соода тобу эчки сүтүнөн быштак жасоо жана жылкы багуу сыяктуу адистиктер боюнча тажрыйбалуу чабандар менен кызматташуу ниетин билдирди.

Апта ичинде дүйнөдө Тоолуу Карабахтагы абал талкууланды. 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялады. Эртеси күнү эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирди.

20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдады.

Кечээ, 21-сентябрда болсо Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашты. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдады.

Америкалык ишкер Илон Масктын Neuralink компаниясы нейрочибин адамдарга сыноо үчүн ыктыярчыларды издеп жатканын жарыялады. Компания адамдын мээсин компьютерге байланыштырып, шал оорусунан жапа чеккен адамдарды өзүнүн жаңы технологияларын сынап көрүү ниетин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан