Парламент Конституциялык соттун чечимин кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анда парламент аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Экинчи окууда 64 эл өкүлү макулдугун берсе, эки депутат каршы болду. Үчүнчү окууда болсо мыйзам долбоорун 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы добуш берди. Эми мыйзам долбоору кол коюу үчүн мамлекет башчысына жөнөтүлөт.

Аталган мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров демилгелеген.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстандын Конституциялык сотунун Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды каралган. Ага ылайык, Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн экени белгиленген.

Буга чейин 6-сентябрда Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Ушул эле жыйында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы менен сотторун кызматтан кетүүгө чакырып, "матчество" боюнча чечим Кыргызстанда кабыл алынганы уят экенин билдирген.

Эске салсак, 3-июлда Конституциялык сот 18 жашка толгон бала атасынын же апасынын атына катталууну өзү тандаса болот деген чечим чыгарган. Аталган чечим коомчулукта кызуу талкууга алынып, көпчүлүк муну улуттук баалуулуктарга каршы келет деп сындап чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан