Бишкекте шаурма жасаган жерде уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.
Эскерте кетсек, 1-октябрда борбор калаадагы "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларынан шаурмага 21 адам ууланганы маалымдалган болчу. Андан кийин кечээ, 2-октябрда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 43 адам кайрылган. Анын ичинен 23ү ооруканага жаткырылган.
Ушул эле күнү уулгангандардын саны 64кө өскөнү кабарланган.
Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган.