Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны 64 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тез татым жайларынан шаурмага уулангандардын саны 64кө жетти.
Анын ичинен азыркы тапта 34 адам медициналык мекемеде дарыланууда.
Буга чейин, кечээ, 1-октябрда борбор калаадагы тез татым жайларынан шаурмага 21 адам ууланганы маалымдалган болчу. Андан кийин бүгүн, 2-октябрда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 43 адам кайрылган. Анын ичинен 23ү ооруканага жаткырылган.