Тоолуу Карабахта Азербайжандын аскердик операциясы жана калктын массалык көчүп кетишинен кийин 120 миңдей армяндын ичинен 50дөн 1000ге чейинки этникалык армян калды. Бул тууралуу Карабахка барган БУУнун миссиясы билдирди.
1-октябрда БУУнун кызматкерлери Агдамдан Ханкендиге (Степанакерт) барышкан. БУУнун басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы 30 жылда уюмдун кызматкерлеринин Тоолуу Карабахка кирүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
БУУнун өкүлдөрү ок атышпоо келишиминен бери карапайым элге каршы зордук-зомбулуктар тууралуу эч кандай билдирүү ала элек.
3-октябрда Никол Пашиняндын басма сөз катчысы Назели Багдасарян Тоолуу Карабахтан Арменияга 100 625 этникалык армян киргенин билдирди. Атайын операция башталганга чейин Тоолуу Карабах калкынын саны 120 миң адам деп эсептелген.
Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган.
20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.
21-сентябрда Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдаган.
28-сентябрда таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президенти Самвел Шахраманян 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөнү жокко чыгаруу буйругуна кол койгон.