Бүгүн, 4-октябрда Азия оюндарына грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов чемпион болду.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык балбан Ирандын спортчусу Амин Кавиянежад менен беттешти. Махмудов жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Махмудов 1/4 финалда камбоджалык Сопак Кеону мөөнөтүнөн мурда жеңсе, жарым финалда Казакстандын балбаны Азат Садыковду 9:0 эсебинде утуп алды.
Буга чейин Акжол Махмудов 2018-жылы Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган.
Махмудовдун байгеси грек-рим күрөшү боюнча үчүнчү медаль. Буга чейин 60 килограмм салмакта күрөшкөн Жоламан Шаршенбеков дагы алтын утту. Көп өтпөй 67 килограмм салмакта килем үстүнө чыккан Раззак Бейшекеев коло тагынды.
Азия оюндары учурда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат. Мелдештерде кыргызстандык спортчулар жалпысынан үч алтын жана үч коло медаль утушту. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль, ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов коло байгеге ээ болушкан.