Бүгүн, 4-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күрөштүн грек-рим түрү боюнча 67 килограмм салмакта катышкан Раззак Бейшекеев коло байгеге ээ болду.
Коло үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан Бакшиллоев Махмуд менен килем үстүнө чыгып, өзбекстандык балбанды жеңип алды.
Раззак Бейшекеев алгачкы жүрүшүндө япониялык Катсуаки Ендо аттуу балбан менен кез келип, 1:5 эсебинде жеңилип калды. Бирок япониялык балбан финалга чыгып, жубатуучу беттеште тажикстандык Фируз Мирзораджаповду 5:0 эсебинде жеңди.
Эске салсак, Бейшекеевдин байгеси грек-рим күрөшү боюнча экинчи медаль. Буга чейин 60 килограмм салмакта күрөшкөн Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду.