Экинчи алтын! Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында чемпион болду

Коңшу Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Жоламан Шаршенбеков чемпион болду.

Финалда ал япониялык Аята Сузукини жеңип алды.

Грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда тажикстандык Асламжон Азизов аттуу балбан менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 8:5 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти.

Ал эми 1/4 финалда түштүк кореялык Чон Хандже аттуу балбанды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Жарым финалда болсо өзбекстандык балбан Исломжон Бахромов менен кез келип, 9:0 эсебинде жеңип алды.

Муну менен Шаршенбеков Азия оюндарында өлкөгө экинчи алтынды алып келди. Буга чейин дзюдо боюнча Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын тагынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан