Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 5-октябрда президент Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Рахмондун маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, Жапаров куттуктоо телеграммасында Рахмонго ден соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр каалаган. Ал эми Тажикстан өлкөсүнүн гүлдөп, өнүгүүсүнө тилектештигин билдирген.

Эскерте кетсек, Эмомали Рахмон 1952-жылы Тажикстандагы Дангара кыштагында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң Коргонтөбөдөгү май куюучу заводдо электрик болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист.

Рахмон 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Ал эми 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин өлкөнү башкарып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. Тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан.

Жакында эле эки өлкөнүн УКМК башчылары жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу протолго койгону кабарланган. Андан кийин Камчыбек Ташиев жакында чек ара боюнча акыркы чечим кабыл алынарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан