Орусиянын президенти Владимир Путин 23-августта Тверь облусунда болгон авиакырсыктан каза болгон "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин жана башка адамдардын сөөгүнөн гранаталардын сыныктары табылганын айтты. Бул тууралуу ал "Валдай" клубунун пленардык жыйынында билдирди.
Орус лидеринин айтымында, бортто эч кандай тышкы таасир болгон эмес, бирок каза болгондордун денелеринде кол гранаталарынын сыныктары табылган. Путинге мындай маалыматты Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин билдирген.
"Мен "Вагнердин" жетекчилиги менен болгон окуя тууралуу суроо бар экенин билем. Биз учак кырсыгын билебиз. Бул тууралуу мага Тергөө комитетинин башчысы кечээ билдирди. Учак кырсыгында каза болгондордун денелеринен кол гранаталарынын сыныктары табылган. Учакта эч кандай тышкы таасир болгон эмес, бул мурда эле аныкталган факт. Бул Тергөө комитети жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгы", -деди Путин.
Ошондой эле ал Пригожиндин учагынын кыйрашын иликтөө иши аягына чыга элек экенин кошумчалады.
Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.