Бишкектеги КМШ саммитинде 16 документке кол коюлду

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйыны өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду:

  1. КМШ алкагында өз ара кызматташуу жөнүндө пикир алмашуу;
  2. КМШга 2024-жылы төрагалык кылуу жөнүндө;
  3. КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү;
  4. КМШнын Ардак белгиси ордени менен сыйлоо;
  5. Орус тили боюнча Эл аралык уюм түзүү келишими;
  6. Санариптик технологиялар чөйрөсүнө мамлекеттик башкаруу системаларын шайкеш келтирүү үчүн кызматташууга болгон КМШга мүчө мамлекет башчыларынын билдирүүсү;
  7. Көп полярдуу дүйнөдө мамлекеттер аралык мамилелердин принциптери боюнча КМШга мүчө мамлекет башчыларынын билдирүүсү;
  8. Адамдын жана жарандын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын коргоо боюнча КМШга мүчө мамлекет башчыларынын билдирүүсү;
  9. Орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо жана өнүктүрүү боюнча КМШга мүчө мамлекет башчыларынын билдирүүсү;
  10. КМШда Байкоочу статусу жана КМШнын Өнөктөш статусу жөнүндө;
  11. Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалаган Эл аралык борбор түзүү боюнча макулдашуу;
  12. КМШга мүчө мамлекеттердин соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө Координациялык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуу;
  13. 2024-2028-жылдарга кылмыш менен күрөшүү жаатында биргелешкен чаралардын Мамлекеттер аралык программасы жөнүндө;
  14. «Тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн» медалы жөнүндө;
  15. Самарканд шаарын (Өзбекстан Республикасы) «Шериктештиктин 2024-жылдагы маданий борбору» деп жарыялоо жөнүндө;
  16. КМШнын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:

16.1. 2000-жылдын 21-июнундагы Протокол менен бекитилген КМШнын Аткаруу комитети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү;

16.2. КМШ органдарынын чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;

16.3. КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин 2003-жылдын 19-сентябрындагы «Шериктештик органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрдү которуу жөнүндө» милдеттенмелердин аткарылышы боюнча чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан