Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына болгон иш сапарынын алкагында БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Анда тараптар Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн негиз боло турган “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашты. Бул багытта биргелешкен холдингдик компанияны практикалык негизде ишке киргизүүнү тездетүү зарылчылыгы белгиленди.
Андан соң энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты, атап айтканда “Масдар” компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу айтылды.
Мындан тышкары алар Кыргызстанда жаштардын футбол академиясын куруу долбоорун талкуулап, долбоордун акыркы эсептөөлөрү эмират тарапка берилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди, тараптар бул багытта максималдуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.