Алтынай Сакеева Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды

Алтынай Сакеева Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сакеева Алтынай Ишеновна Карелия республикасынын, Коми республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Орусиянын Санкт-Петербургдагы Башкы консулу болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан