Акылбек Жапаров: "Эл аралык өнөктөштөрдү Кыргызстанга инвестиция салууга чакырабыз"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган 8-Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумуна катышты. БУл тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

"Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форуму көптөн бери инвестицияларды илгерилетүү жана ишкердик активдүүлүктү стимулдаштыруу үчүн абройлуу эл аралык платформа катары болуп келген. Биз туруктуу өнүгүү жамааттык аракет экенине ынандык. Глобалдык чакырыктарды чечүү жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешип иштөөгө умтулабыз", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттары Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналарын жана өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Улуттук стратегиясына киргизилгенин белгиледи.

"БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстан БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээледи. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2030-жылга карата БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча 30 мыкты өлкөнүн катарына кирүү милдетин койду”, – деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын таза гидроэнергетикасын өнүктүрүү үчүн эбегейсиз потенциалы бар экенин кошумчалады. Сөзүнүн аягында өкмөт башчы чет элдик инвестицияларды тартуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү Кыргызстандын экономикалык саясатынын негизги приоритети экенин кошумчалады.

“Биз эл аралык өнөктөштөрдү Кыргызстанга инвестиция салууга чакырабыз”, – деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан