“Чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угуу өтүп жатат

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитети “чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө. Талкууга депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова бул мыйзам долбоору коомчулук үчүн маанилүү экенин, ага байланыштуу бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда парламенттик угууларды өткөрүү чечими кабыл алынганын белгиледи.

Мыйзам долбоорунун максаты тууралуу демилгечилердин бири, депутат Надира Нарматова маалымат берүүдө. Ал өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчёттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш экенин белгиледи.

Ошондой эле ал мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу, сөз эркиндигине басым жасоо же чектөө боюнча жоболор жок экенин кошумчалады.

Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айып пул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо 100-200 миң айып пул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорун Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчётун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан