БУУнун өкүлү "чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынса өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жараларын айтты

“Чет элдик өкүл” мыйзамы азыркы бойдон кабыл алынса Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жаралат. Мындай пикирди бүгүн, 17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве билдирди.

Ал сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин белгиледи.

"Жарандарды милдеттерин аткарууга баш тартууга же башка укукка каршы аракеттерди жасоого каршы түрткөн коммерциялык эмес уюмдарга жигердүү катышкандыгы же болбосо колдоо көрсөткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигинде каралган 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө жобо өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Бул укук бузуу аныкталбаган кеңири жана субъективдүү чечмелөөлөр үчүн ачык суроо бойдон калат. Бул коомдун жыргалчылыгы үчүн иштеген субъектилерди тандап куугунтукка алууну шартташы мүмкүн", - деди Граве.

Ошондой эле ал көңүл бура турган экинчи жагдай катары Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө бир топ коркунуч жараларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитети “чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө. Талкууга депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Буга чейин аталган мыйзам долбоору парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда кабыл алынган.

Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчётун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келет.

Жогорку Кеңеш 17.10.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан