Садыр Жапаров жаңы Ак үйдүн аталышы боюнча билдирүү таратты

Президент Садыр Жапаров жаңы Ак үйдү "Ынтымак-Манас ордосу" деп атоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Ал мындан бир жума мурда курулушу аяктап калган Президенттик администрациянын имаратынын атын тандоо боюнча кеңеш сурап кайрылгандыгы тууралуу жазып, сунушталган варианттардын ичинен "Ынтымак-Манас ордосу" деген аталышты ылайыктуу деп тапкандыгын айтты.
"Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр: "Ак Ордо", "Кут Ордо", "Айкөл Ордо" жана "Ынтымак Ордо". "Ынтымак Ордосу" болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай", - деди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары ал эл тарабынан көп варианттар сунушталгандыгын, алардын бир тобу окшош экендигин айтты. Жалпы 108 вариант сунушталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан