Депутат Мадумаровдун иши боюнча башкы прокурордун маалыматын угууну сунуштады

Бүгүн, 18-октябрда парламенттин кезектеги жыйынында депутат Гуля Кожокулова “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктагандыгына байланыштуу башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматын угууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, Жогорку Кеңештин жобосунун 138-беренесине ылайык, башкы прокурор үч күндүн ичинде тергөө аяктагандыгы тууралуу парламентке маалымат бериши керек.

"Тергөө иштери жүргүзүлдү, иш өткөн аптада сотко өттү. Алдын ала соттук отурум болот, үч күндүн ичинде башкы прокурор бул иштин бүтүшү боюнча толук маалымат бериши керек. Көптөгөн суроолор жаралууда. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 20дан ашык мүчөсү кармалды. Кечээ “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерин коргоп сүйлөгөнү үчүн 75 жаштагы кемпир кармалды деген маалымат тараган. Мен бул камакка алуулар жана тергөө аяктагандан кийинки иштер боюнча башкы прокурордон толук маалымат алгым келет", - деп белгиледи депутат.

Өз кезегинде парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев маалымат Жогорку Кеңешке келгенин белгилеп, Кожошеванын колуна тиешелүү документтер бүгүн бериле турганын айтты.

Ал эми депутаттардын добуш берүүсүнүн натыйжасында Кожокулованын сунушу өтпөй калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан